Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын III-кезекcиз сессиясы
2025-жылдын 4-июну №6/1
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 1 жылдык жана 5 жылдык пландары бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл аймагындагы жайыт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү максатында айыл өкмөтүнүн алдындагы “Соӊ-Көл” муниципалдык ишканасынын жайыт инспектору Жайлообек уулу Чыныбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2025-2030-жылдарга арналган 5 жылдык өнүктүрүү планы бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жайыттарды пайдалануунун 2025-жылга карата 1 жылдык планы бекитилсин (тиркеме тиркелет);
3. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сөӊ-Көл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановго, жайыт боюнча инспекторлорго (К.Чокоев, Жайлообек уулу Чыныбек) бекитилген пландарды аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү, аткарылган иштер боюнча жыл сайын айылдык кеӊешке маалымат берүү жагы тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айылдык кеӊешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, муниципалдык ишкана менен иш алып баруу, жер, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |