Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 105
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата
киреше-чыгаша бөлүгүнүн тактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы УП №1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктын түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын 2025-жылдын 12 айына карата бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнүн такталгандыгы тууралуу маалыматын угуп, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. 11312100 – Юридикалык жактардын транспорт каражаттарына салыктын планы 11,0 миң сомго кыскартылсын;
2. 11312200 – Физикалык жактардын транспорт каражаттарына салыктын планы 5 125,0 миң сомго кыскартылсын;
3. 11321200 – Айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участогу салык планы 4 411,9 миң сомго кыскартылсын;
4. 11111100 – Салык агенттери тарабынан төлөнгөн киреше салыгы 75,1 миң сомго көбөйтүлсүн;
5. 14224200 – Калктуу пункттардан таштанды чыгаруу үчүн алынган жыйымы 19,0 миң сомго көбөйтүлсүу;
6. 14511400 – Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кароо чыгымдары киреше бөлүгүнө 1,5 миң сом өлчөмүндө киргизилсин;
7. Чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн:
Бөлүм | Статья | Элемент | Сумма (млн сом) |
70111 | 2212 | 22122900 | 95,6 |
8. Баштапкы долбоор Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын;
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
10. Токтомду аткарууга жоопкерчилик Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Д.С. Райымкуловко жүктөлсүн;
11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |