Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын III-кезекcиз сессиясы
2025-жылдын 4-июну №6/2
Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы №4103 “Кызарт” жана №4104
“Жаны-Арык”шайлоо участкаларынын чегине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Өмүр уулу Абик, С.Мамбеталиев, Эсенкожо жана Т.Султанкадыров көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап, шайлоочулардын ыӊгайлуугун көздөө максатында Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы №4103 “Кызарт” шайлоо участкасынын чегиндеги Өмүр уулу Абик, С.Мамбеталиев, Эсенкожо жана Т.Султанкадыров (мурдагы гараждын ичи) көчөлөрү толугу менен №4104 “Жаны-Арык” шайлоо участкасынын чегине кошулсун;
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясын жиберилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |