Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 104
Айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жаңы келген
депутаттарды киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын 2025-жылдын 18-августундагы №01-15/909 жана 2025-жылдын 13-ноябрындагы №01-15/1584 токтомдоруна ылайык жаңы келген депутаттарды таануу менен, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин депутаттары Маслянов Мухамед Идрисович, Глущенко Сергей Иванович айылдык кенештин туруктуу комиссиясына төмөнкү бөлүштүрүү менен киргизилсин:
• Маслянов Мухамед Идрисович – бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссияга.
• Глущенко Сергей Иванович – жеке турак-жай курулуш, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча комиссияга.
2. Учурдагы токтомго ылайык кенештин туруктуу комиссияларынын курамындагы өзгөртүүлөр бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым | Булазова Г.Т. |