Загрузка документа…
Токмок шаарынын 2025-2030-жылдарга социалдык-экономикалык
өнүктүрүү программасы
1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Географиялык абал | Географиялык абалы. Токмок шаары 1867-жылы негизделген. Анын аянты 4131,5 гектарды түзөт. Бишкек шаарынан чыгыш тарапка 60 километр аралыкта, деңиз деңгээлинен 800–850 метр бийиктикте жайгашкан. Эл аралык “Манас” аэропорту 90 км аралыкта жайгашкан. Азыркы учурда Токмок шаары облустук маанидеги шаар статусуна ээ. Шаарда 64 улуттун өкүлдөрүн камтыган 76 138 адам жашайт. 2024-жылдын март айынан баштап болгон АТРдин негизинде “Строитель” дача конушу Токмок шаарына кошулуп, географиялык өзгөрүүлөр болду. Шаарда өнүккөн коммуникация тармагы бар- асфальт жабылган жолдор, жылуулук борбору, энергетикалык жана суу түтүктөрү, ошондой эле узак мөөнөткө курулуш же ижарага берүү үчүн коммуникациялары көрсөтүлгөн бош жер тилкелер бар. Географиялык өзгөчөлүгү: Шаар Европа, Кичи жана Борбор Азияны Азия континентинин чыгыш тарабындагы өлкөлөр менен туташтырган Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан. Токмок аркылуу Казакстан Республикасы менен Түндүк Кыргызстанды Ысык-Көл курорттук аймагы жана Кытай Эл Республикасы менен байланыштырган эл аралык маанидеги эки автомагистраль өтөт. Ошондой эле Бишкек–Ысык-Көл темир жолу бар. Шаардын түштүгүндө, 15 километр аралыкта Тянь-Шань тоо кырка тоолору бар, ал жерде түбөлүк карлар жана мөңгүлөр, эндемикалык флора жана фауна сакталган. Токмоктон түштүккө карай 100 километр аралыкта Ысык-Көлдүн курорттук аймагы жайгашкан. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жалпы аянты (Га) | 4131,5 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ландшафт жана жаратылыш шарттары | Токмок шаары Кыргызстандагы Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Анын климаты континенталдык болуп, кышы суук, жазы жана жайы жылуу өтөт. Кышында температура көп учурда -5°Сден -15°Сге чейин түшүп, кээде муздак шамалдар болушу мүмкүн. Жайында күн жылуу болуп, температура 25°Сден 35°Сге чейин жетет. Жыл бою жаан-чачын орточо көлөмдө болуп, негизинен апрельден июнь айларына чейин көп жаайт. Кышында кар көп жаап, айланадагы тоолордо кар көп сакталып калат. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
АА калкы (адам) анын ичинде (айылдарда): | 76172 адам анын ичинен 39511 аял | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
СЭӨПнын максаты | Өнүгүү программа аймагыбыздын келечектеги өнүгүүсүнүн ачкычы катары кызмат кылат. Программа Токмок шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын шаардыктарды колдоо, түрдүү чөйрөлөрдөгү демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга болгон каалоосун чагылдырат. Жарандар үчүн тийиштүү шарттарды жаратуу менен шаар өнүгүүгө багыт алат, жаңы иш орундар пайда болот, калктын, анын ичинде аярлуу катмарлардын кирешеси өсөт, экономиканын туруктуу өсүүсү камсыз болот. Экономикалык өнүгүү менен бирге жолдорду оңдоого, ичүүчү суу менен камсыз кылууга, канализация системасын курууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, эс алуу жайларыбызды замандын талабына ылайык келтирүүгө каражаттар тартылат. Шаарыбыз “өнүгүү чекити” катары экономикада, билим берүүдө, маданиятта жана спорт тармагында сапаттуу кызмат көрсөткөн регионалдык борборго айланат. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, азыркы муундун жана келечек муундун жыргалчылыгы шайкеш келип, курчап турган чөйрөнү сактоо менен мыйзам талаптарына ылайык коопсуз коомдук мамиле орнотулат, ар бир тургундун, анын ичинен аялдарга, жаштарга, балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бакубат жашоосуна шарт түзүлөт. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2-БӨЛҮМ. КАЛК |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Категория | факт |
| прогноз | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | 2028 ж. | 2029 ж. | 2030 ж. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам) | 73337 | 74288 | 75167 | 76172 | 76933 | 77702 | 78479 |
79263 |
80055 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өсүш темпи % | 2,6% | 3,4% | 1,16% | 1,31% | 1,0% | 1,0% | 1,0% | 1,0% | 1,0% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
анын ичинде аялдар | 38358 | 38443 | 38948 | 39511 | 39906 | 40294 | 40686 | 41082 | 41478 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам) | 41339 | 41690 | 42439 | 43487 | 44357 | 45244 | 46149 |
47072 |
48013 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өсүш темпи (%) | 7,9 | 0,8% | 1,8% | 2,4% | 2,0% | 2,0% | 2,0% | 2,0% | 2,0% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
анын ичинде аялдар | 19730 | 20690 | 21105 | 21721 | 22151 | 22591 | 23041 | 23501 | 23972 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам): | 26048 | 26311 | 26576 | 26576 | 27112 | 27654 | 28206 | 28770 | 29344 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Айыл чарба | 558 | 563 | 568 | 568 | 578 | 588 | 598 | 610 | 622 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өнөр жай | 3671 | 3708 | 3745 | 3745 | 3919 | 3995 | 4071 | 4149 | 4229 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Иштетүүчү | 2835 | 2864 | 2892 | 2892 | 2948 | 3006 | 3066 | 3126 | 3188 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Электр энергиясы | 507 | 512 | 517 | 517 | 527 | 537 | 547 | 557 | 568 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Курулуш | 1794 | 1813 | 1831 | 1831 | 1867 | 1905 | 1943 | 1981 | 2021 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Соода | 8354 | 8438 | 8524 | 8524 | 8694 | 8866 | 9042 | 9222 | 9406 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Транспорт жана байланыш | 1543 | 1558 | 1574 | 1574 | 1604 | 1644 | 1684 | 1726 | 1763 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Башка кызматтар | 6786 | 6855 | 6925 | 6925 | 6975 | 7113 | 7255 | 7399 | 7547 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Калдыктарды кайра иштетүү | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жумушсуздардын саны (адам): | 256 | 191 | 183 | 145 | 170 | 175 | 178 |
180 |
182 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өсүш темпи |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
анын ичинде аялдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам) | 86 | 72 | 63 | 61 | 43 | 41 | 38 |
36
|
34 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өсүш темпи |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өсүш темпи (%) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2025-жылы Токмок шаарынын жалпы калкы 76172 адамды түздү , анын ичинен 36661 эркектер, аялдардын саны 39511 киши. 2024-жылга салыштырмалуу 1005 адамга көбөйгөн. Калктын өсүшүнүн болжолу жылына 1,3 % түзөт. Негизинен калктын саны стабилдүү, кичине айырмасы менен кармалып турат. Божомолдо 2030-жылга чейин калктын табигый өсүшү 4-5 % ге өсөөрү күтүлүүдө. Жумушсуздардын саны 2024-жылы 145 адамды, анын ичинен аялдар 108 адамды түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 38 адамга азайган. Себеби, чакан бизнестер, 2 кийим тигүү кичи цех, сезон убагында кулпунай,дан куурай (малина)отоо жана терүү соода тармагы да өнүгүүдө цехтер ачылды, логистикалык борбор ачылып, соода тармагы да өнүгүүдө тез татым “Эки дос” кафе “Кекеев”. Жай айларында өнөр жай продукцияларын өндүрүүчү кичи цехтер иштейт. (пескоблок, кам кирпич, газблок ж.б). 2029-жылга карата божомол менен жумушсуздардын санын 38 адамга азайтуу пландалууда. Калктын жашоо деңгээли боюнча 2024-жылды 2023-жылга карата социалдык паспорт боюнча салыштырмалуу төмөндөгүдөй:
1. Өтө жакыр: 2023 – жылы (0 - 1000) - 74 үй-бүлө 2024 – жылы (0 - 1000) - 53 үй-бүлө
2. Орто жакыр : 2023 – жылы (1001 – 1475,5) - 302 үй-бүлө 2024 – жылы (1001 – 1475,5) - 175 үй-бүлө
3. Жакыр: 2023 – жылга (1476 – 2748,4) - 676 үй-бүлө 2024 – жылга (1476 – 2748,4) - 585 үй-бүлө
Жалпысынан алганда жакырчылыктын деңгээли 2023-жылга карата 1052 үй-бүлө 4,9 %, 2024-жылга 813 үй-бүлө 3,8%, салыштырмалуу 239 үй-бүлөгө азайган. Токмок шаарында жакырчылык жалпысынан 1,1 % кыскарган. Калктын эмгек миграциясы тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Мигранттардын болжол менен 80% орто жалпы билимге ээ, бул алардын квалификациясы төмөн позицияларда иштөөсүн шарттайт. Мекендештерибиз барган негизги өлкөлөр болуп Россия Федерациясы болуп эсептелет. Акыркы жылдары рублдун курсу төмөн болуп, документ жасоо жагы да оор болуп калгандыгы менен байланыштуу миграцияга кеткендердин саны быйыл азыраак. Негизинен көпчүлүк мигранттар Европа, Америка, Корея, Германия өлкөлөрүнө барып иштеп келүү жагына кызыккандар көп. Көйгөйлөр: ü Жумушсуздук ü Жакырчылык ü Эмгек акынын аздыгы ü Жаштардын кесипке ээ болууга кызыгуусунун азаюсу ü Финансылык сабаттуулуктун жетишсиздиги СЭӨПтун жаштарды жумуш менен кылуу жана миграцияны азайтуу максатында: - Жаштарга заманбап кесипчилик окууларды уюштуруу (тил курстары, тигүүчүлүк, IT-тармагы, электрик-сварщик ж.б.) - Жаш келин-кыздарга тигүүчү жана кол өнөрчүлүк окууларды уюштуруу - Татыктуу айлыгы бар жумуш орундарын көбөйтүү - Жеке ишкерлерди окутуу | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Категория | факт | . | прогноз | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | 2028ж | 2029ж | 2030ж | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%) | 85% | 90% | 90% | 90% | 90% | 95% |
95% |
95% | 95% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кожолуктарды катуу тиричилик калдыктары (КТК) ташып чыгаруу менен камтуу (%) | 100% | 100% | 100% | 100% | 100% | 100% | 100% |
100% |
100% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%) | 55,0% | 56,0% | 58,0% | 59,9% | 60% | 65% |
70% |
75% |
76% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%) | 71,8% | 73% | 74,6% | 76% | 76,8% | 77,9% | 78,9% |
79,6% |
80,5% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам) | 2180 | 2250 | 2500 | 2716 | 2900 | 3100 | 3300 |
3500
|
3700 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам) | 1150 | 1188 | 1235 | 1283 | 1350 | 1380 | 1400 |
1420
|
1450 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%) | 10% | 35% | 37% | 41% | 50% | 55% | 60% |
65 % |
70% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Балдарды мектептик билим менен камтуу (%) | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 |
100% |
100% | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Медициналык персонал менен камсыздоо деңгээли (адам) | 256 | 247 | 247 | 254 | 268 |
272 |
274 |
276 |
276 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Калктын турак жай менен камсыз болушу (бир тургунга жалпы аянттын кв. м) | 19 чарчы метр | 19 чарчы метр | 19 чарчы метр | 19 чарчы метр | 19 чарчы метр | 21 чарчы метр | 23 чарчы метр | 25 чарчы метр | 28 чарчы метр | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
(башка көрсөткүчтөр) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ичүүчү суу. Шаардын суу жана канализация тармактары «Токмок Водоканал» муниципалдык ишканасынын балансында турат. Иштегендердин саны 156 адам, суу түтүктөр тармагынын узундугу 198 километрди жана саркынды сууларынын коллекторлору менен тармагынын узундугу 118 километрди түзөт, 1 саркынды сууларды тазалоо объекти, 4 водозабор (31 скважина – 17 иштейт, 14 – резервте), 3 насостук станция бар. Шаардын калкынын таза суу берүү жана саркынды суу кызматтарына болгон пайдалануучуларынын саны 2025-жылдын ноябрына карата суу- 32 307 адамды түздү, жеке абоненттердин саны 16519 түздү, саркынды суу боюнча – 18507 адам же 11168 абонент, суу эсептегичтерди колдонгон абоненттердин саны 3108 түзөт. Өнөр жай жана башка уюмдар 709 абонент, анын ичинен 33ү бюджеттик уюмдар. 1. Ичүүчү таза сууну жеткирүүгө, саркынды сууларды кабыл алып тазалоого бүгүнкү күндөгү тарифтер.
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||