Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 98/17-6
“Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасынын карызын реструктуризациялоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы кириш №01-07/213 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы отурумунун №23 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Токмок шаарынын мэриясынын ортосунда 2017-жылдын 19-сентябрында түзүлгөн №19-04-01/29 субкредиттик келишим боюнча Токмок шаарынын мэриясынын карызын белгиленген тартипте реструктуризациялоого макулдук берилсин.
2. Токмок шаарынын мэри А.К.Эргешов бюджеттик кредиттин өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылсын.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |