Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 99/17-6
“Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын карызын реструктуризациялоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы кириш №01-07/213 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы отурумунун №23 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы №318-р тескемесине ылайык бөлүнгөн бюджеттик кредит боюнча “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын карызынбелгиленген тартипте реструктуризациялоого макулдук берилсин.
2. “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасы (Чойбеков Р.К.) бюджеттик кредиттин өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылсын.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине А.К.Эргешовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |