Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 100/17-6
Республикалык бюджеттен түшкөн 77361,1 миң сом өлчөмүндөгү максаттуу трансфертти Токмок шаарынын тургундарына жылуулук энергиясын өндүрүү жана берүү боюнча “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын чыныгы чыгымдарын компенсациялоо үчүн багыттоого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы кириш №01-07/222 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18‑декабрындагы отурумунун №24 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен түшкөн 77361,1 миң сом өлчөмүндөгү максаттуу трансфертти Токмок шаарынын тургундарына жылуулук энергиясын өндүрүү жана берүү боюнча “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын чыныгы чыгымдарын компенсациялоо үчүн, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, 2511 “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренесине багыттоого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Р.К.Чойбеков бөлүнгөн каражаттарды багыты боюнча так колдонсун.
3. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы М.Т.Эсеналиев ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэри А.К.Эргешовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |