Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 07- августундагы №2
«2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо шаардык салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча шаардык салык башкармалыгынын маалыматы»
2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо райондук салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча Шамалдуу-Сай шаар боюнча салык башкармалыгынын өкүлү Н.Алимбекованын маалыматын угуп жана талкуулап Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо шаардык салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча шаардык салык башкармалыгынын өкүлү Н.Алимбекованын маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
3. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |