Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 07- августундагы №3
«Шамалдуу-Сай шаардык маданият үйүнүн 2024-жыл ичинде жана 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу Шамалдуу-Сай шаардык маданият үйүнүн маалыматы»
Шамалдуу-Сай шаардык маданият үйүнүн 2024-жыл ичинде жана 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу шаардык маданият үйүнүн башчысы С. Сакабаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалдуу-Сай шаардык маданият үйүнүн 2024-жыл ичинде жана 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу шаардык маданият үйүнүн башчысы С. Сакабаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
3. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Этика, мандат жана Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Абидова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |