Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 107
Атайын эсеп боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын маалыматы угулуп, бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 26-декабрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Атайын эсеп боюнча жалпы суммасы 130,0 миң сом кредиттерди жылдырууга макулдук берилсин. Анын ичинде:
• «Үмүт шатысы» балдар бакчасынан 2218 статьясынан, 22181100 элементи боюнча 30,0 миң сомго кредиттер кыскартылсын;
• «Келечек» балдар бакчасынан 2218 статьясынан, 22181100 элементи боюнча 100,0 миң сомго кредиттер кыскартылсын;
• «Ынтымак» балдар бакчасынын 2218 статьясынын, 22181100 элементи боюнча кредиттер 130,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн СЭБ башчысы А.А.Джумалиевага атайын каражаттарды жылдыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду аткарууга жоопкерчилик Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Д.С.Райымкуловко жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |