Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 108
Максаттуу трансфертти бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча талаптарына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын маалыматы угулуп, бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 26-декабрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Жер салыгы боюнча кирешенин түшпөй калышына байланыштуу, республикалык бюджеттен берилген 8 217,5 миң сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферт төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлсүн:
70111 “Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары” бөлүмү:
• 3112 статья, 31123290 элемент (айыл өкмөтү үчүн отургучтар) – 184,8 миң сом
70823 “Клуб” бөлүмү:
• 2222 статья, 22221200 элемент (парк үчүн таштанды урналары) – 327,0 миң сом;
• 2222 статья, 22221200 элемент (жалюзи жана пардалар) – 728,6 миң сом;
• 3112 статья, 31123210 элемент (көрүүчүлөр үчүн жумшак отургучтар) – 4 240,0 миң сом;
• 31123210 элемент (китепкана үчүн эмерек, долбоор боюнча айыл өкмөтүнүн салымы) – 881,1 миң сом;
• 31123290 элемент (парк үчүн отургучтар) – 472,5 миң сом;
70629 “Башка турак-жай жана коммуналдык кызматтар” бөлүмү:
• 2215 статья, 22154500 элемент (мамлекеттик камсыздандыруу) – 331,7 миң сом;
• 22154900 элемент (ФАПты тосмолоп куруу) – 601,8 миң сом;
• 22154900 элемент (таштанды полигонун рекультивациялоо) – 450,0 миң сом;
ЖАЛПЫСЫ: 8 217 500 сом
2. Көрсөтүлгөн каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансферт болуп саналат жана жергиликтүү бюджеттин өз каражаттарына кирбейт, бирок белгиленген тартипте так эсепке алынып, өз багыты боюнча пайдаланылышы керек.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө бюджеттик чегерүүлөрдү туура кайра жөнгө салуу үчүн тиешелүү бухгалтердик жана казначейлик иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду аткарууга жоопкерчилик Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Д.С.Райымкуловко жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |