Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVI сессиясы

 

 

2024-жылдын 21-августу № 36/5

 

Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарындагы Айкөл Манас эстелигин жаңылоого акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-августундагы №5 отурумунун протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 01-9/857 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарындагы Айкөл Манас эстелигин жаңылоого Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 3 000,0 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.

2. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Хасанов