Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 109
Сретенка айылындагы карылар үйүн жабууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы корутундусун эске алуу менен, ошондой эле социалдык мекемелерди оптималдаштырууга байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Сретенка айылы, Комсомольский көчөсү, №6 дарегинде жайгашкан карылар үйүн жабууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |