Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2025-жылдын 4-апрели №5/2
Жан-Булак айылында Айыл чарба жумуштарынын бааларын жана мал багуучулардын көчүп конуусу боюнча графиктерин аныктоо жана малдын багуусунун бааларын бекитүү жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл аймагынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги жалпы чогулушунун № 2 пртоколунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депуттарынын статусу жɵнүндɵ”Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык угуп жана талкуулапЖан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX чакырылышындагы V- кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. 2025-жылдын 3-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айыл чарба жумуштарынын баалары тɵмɵндɵгү баада бир гектар жер аянтына бекитилсин
Аныз жер -1800 (Бир мин сегиз жүз )сом , күйүүчү майы 25 литр
2. Жан-Булак айыл аймагында мал багуу,кɵчүп конуу .чабандардын мал багуудагы кызмат акысы тɵмɵндɵгүдɵй баада бекитилсин
· Майда жандык (кой, эчки) бир башка – 70 (жетимиш ) сом,жайыт акы ичинде.чабандардан алынат
· Бодо мал башына – 500 (беш жүз) сом .
3. Жан-Булак айыл аймагындагы жергиликтүүкеректѳѳчүлѳрүнѳ сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү ,ирригациялык системаларын .жайыт инфраструктурасын жакшыртуу ,тазалык кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирип , “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын таза суу ,сугат суу тазалык ,жайыт жана башка кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнүн төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн
1. Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:
-топоз(чон) бир башына – 200 сом.
-Кой-эчкинин бир башына- 18 сом.
-Жылкы,уй бир башына- 90 сом.
2.Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
-топоз(чон) бир башына - 300 сом..
-Кой жана эчки бир башына – 30 сом.
-Жылкы,уй бир башына- 150 сом
3.Ирригация системаларын колдонуучулар үчүн.
1га суугат суу үчүн – 400с
Огород үчүн - 50с
4.Ичүүчү суу менен камсыздоо
4.1Чарбалык обьектилер :
Мектеп-400с (айына)
Бала бакча -300с (айына)
ФАП – 200с(айына)
Баня - 600с (айына)
Мал бордоо- 400(айына)
4.2 Жан-Булак айылы -Ар бир түтүн таза сууга -200с
Достук айылы - Ар бир түтүн таза сууга -100с
5.Тазалык жыйымы үчүн
5.1 Жан-Булак айылы – Ар бир түтүн - 100с
Достук айылы Ар бир түтүн -100с
6. .Жайыт малчыларды айыл аймактан 25-апрелден баштап кɵчүп кетүүсүн ,ал эми чон жайытка 25-июнга чейин кɵчүүсүн жана күз мезгилинде 1-октябрдан баштап айыл аймакка кɵчүп келүүсүн тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы милдеттендирилсин.
7. .Мыйзам бузган учурларда административдик айып салынары эскертилсин.
Төрага | С. Акматов |