Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 101/17-6
Республикалык бюджеттен Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн максаттуу трансферт - 698,1 миӊ сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын максаттуу багыттоого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жɵнүндɵ
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы кириш №01-07/222 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18‑декабрындагы отурумунун №24 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн максаттуу трансферт - 698,1 миң сом өлчөмүндөгү акча каржаттарын төмөнкү тартипте максаттуу багыттоого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин:
- Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн “бала бакчалар” бөлүгүнүн 2111 “Эмгек акы” беренесине - 595,5 миӊ сом жана 2121 “Социалдык фондго төгүмдөр” беренесине -102,6 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы М.Т.Эсеналиев ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине А.К.Эргешовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |