Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 110
Александровка айылындагы маданият үйүн ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобого (айылдык кенештин 2024-жылдын 21-июнундагы №39 токтому менен бекитилген), ошондой эле муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча Миң-Булак айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №4 протоколунун чечимин карап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Александровка айылында жайгашкан, Фрунзе көчөсү (номерсиз), жалпы аянты 1101,0 чарчы метр болгон, жанаша жайгашкан жер тилкеси менен бирге муниципалдык менчиктеги маданият үйүнүн имаратын максаттуу багытын өзгөртпөстөн, кинотеатр уюштуруу үчүн түздөн-түз ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
• ижара келишимин белгиленген тартипте түзүү;
• муниципалдык мүлктүн сакталышын камсыз кылуу;
• имаратты максаттуу пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |