Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 102/17-6
Токмок шаардык кенешинин 2025-жылдын 10-мартындагы №30/5-6 “Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Токмок шаарынын мекемелери арасында бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы кириш №01-07/222 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18‑декабрындагы отурумунун №24 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кенешинин 2025-жылдын 10-мартындагы №30/5-6 “Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомунун №1 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11111100 “Салык агенти төлөөчү киреше салыгы” беренеси боюнча “248045,4” деген цифралар “281045,4” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 31412110 “Айыл чарбасына жараксыз жерлерди саттуу” беренеси боюнча “0,0” деген цифралар “1810,6” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу 34810,6 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 31111 “Турак жай имараттары жана жайлар” беренесине жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы М.Т.Эсеналиев ушул токтомдун 1‑2‑пункттарынан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине А.К.Эргешовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |