Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 104/17-6
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Трясин көчөсү, 147 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7100600270044 болгон, жалпы аянты 5242 чарчы метр жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө акысыз негизде, мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-07/224 кириш катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы №20 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Трясин көчөсү, 147 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7100600270044 болгон, жалпы аянты 5242 чарчы метр жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө акысыз негизде, мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |