Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 105/17-6
Токмок шаарынын Кыргыз көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан, аянты 32253,0 ч.м. жер тилкесин(курулушу менен) Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы кириш №01‑07/225 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 23-декабрындагы отурумунун №21 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Кыргыз көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-10-07-0042-0477 болгон, жалпы аянты 32253, ч.м. жер тилкесин (курулушу менен) Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |