Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 112
Таштандыларды (катуу тиричилик таштандылары, курулуш калдыктары)
полигонго ташып келүү үчүн тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, муниципалдык «Таза Булак» ишканасынын директору тарабынан сунушталган материалдардын негизинде жана таштанды полигонунда калдыктарды кабыл алуу жана жайгаштыруу ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү максатында, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Александровка айылында жайгашкан таштанды полигонуна таштандыларды (тиричилик катуу таштандылары, курулуш калдыктары) ташып келүү (жайгаштыруу) үчүн төмөнкү тарифтер бекитилсин:
• Камаз – 2000 (эки миң) сом жана курулуш калдыктары үчүн кошумча – 1000 (бир миң) сом;
• ЗИЛ, ГАЗ-53 – 1500 (бир миң беш жүз) сом жана кошумча курулуш калдыктары үчүн – 750 (жети жүз элүү) сом;
• Спринтер – 1200 (бир миң эки жүз) сом жана кошумча курулуш калдыктары үчүн – 600 (алты жүз) сом;
• Портер – 1000 (бир миң) сом жана кошумча курулуш калдыктары үчүн – 500 (беш жүз) сом;
• Жеңил унаа тиркеме (прицеп) менен – 700 (жети жүз) сом жана кошумча курулуш калдыктары үчүн – 350 (үч жүз элүү) сом, таштанды чыгаруу үчүн төлөм квитанциясы көрсөтүлгөн учурда – акысыз;
• Үч дөңгөлөктүү мототранспорт – 300 (үч жүз) сом жана кошумча курулуш калдыктары үчүн – 150 (жүз элүү) сом, таштанды чыгаруу үчүн төлөм квитанциясы көрсөтүлгөн учурда – акысыз.
2. Бекитилген тариф менчик формасына карабастан, Миң-Булак айыл аймагындагы таштандыларды (ТКТ, курулуш калдыктары) көрсөтүлгөн полигонго ташып келүүчү жеке жана юридикалык жактарга колдонулсун.
3. «Таза Булак» муниципалдык ишканасына бекитилген тарифти колдонуу жана ташылып келинген таштандылардын көлөмүн эсепке алуу боюнча көзөмөлдү камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 2-августундагы №64 «Таштанды таштоочу жайга катуу тиричилик калдыктарын киргизүү үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |