Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 113
Миң-Булак айыл аймагындагы таштандылар полигонуна
таштандыларды ташып келүүгө тыюу салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы №181 «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын санитардык нормаларына жана эрежелерине ылайык, калктын санитардык-эпидемиологиялык абалын камсыздоо, айлана-чөйрөнү булгануудан сактоо жана инфекциялык оорулардын жайылышына жол бербөө максатында, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жашаган жерине карабастан Миң-Булак айыл аймагындагы муниципалдык таштандылар полигонуна малдын сөөгү, биологиялык калдыктар, терилер, ички органдары, ошондой эле мал союу жайларынан жана эт кайра иштетүү объектилеринен келип чыккан башка таштандыларды ташып келүүгө жана жайгаштырууга тыюу салынсын.
1.1. Көрсөтүлгөн таштандылар санитардык жана ветеринардык мыйзамдарга ылайык, адистештирилген уюмдар тарабынан гана утилизацияланат жана зыянсыздандырылат деп белгиленсин.
1.2. Таштандылар полигонун эксплуатациялаган муниципалдык ишкананын жетекчисине тапшырылсын:
• бул токтомдун так аткарылышын катуу көзөмөлдөө;
• тыюу салынган таштандыларды кабыл албоо;
• аныкталган бузулуулар жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кабарлоо.
1.3. Мал союу жайларынын жана эт кайра иштетүү объекттеринин ээлерине биологиялык таштандыларды чыгаруу жана утилизациялоо боюнча адистештирилген уюмдар менен келишим түзүү сунушталсын.
2. Башка аймактардан жана калктуу пункттардан Миң-Булак айылдык аймагындагы полигонго каалаган түрдөгү таштандыларды ташып келүүгө тыюу салынсын.
2.1. Полигон Миң-Булак айыл аймагында гана чыгарылган катуу тиричик калдыктарын жайгаштыруу үчүн колдонулсун.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |