Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 4- декабрындагы № 1451/1 буйругу менен бекитилди Каттоо №___________ Код________________
АЙДООЧУЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
Кесиби: Автомобиль айдоочусу Квалификациясы: 8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1.1 Кыргыз Республикасынын “Автомобиль айдоочусу”(8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомундагы “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, кесиптик билим берүү уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон минималдуу талаптар болуп саналат. 1.2. Терминдер, аныктамалар, белгилер, кыскартуулар: мамлекеттик билим берүү стандарты - билим берүү программасынын минималдуу мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарын аныктоочу, окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу формалдуу билим берүүгө талаптардын коомдук макулдашылган жыйындысы; интеграцияланган программа - бул башталгыч кесиптик жана жалпы орто билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан, негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүүчү билим берүү программасы; дистанттык окутуу формасы - электрондук билим берүү ресурстарын, платформаларды, аралыктан аутентификациялоо жана контролдоо системаларын колдонуу менен билим берүү программасын ишке ашыруу формасы; гибриддик (аралаш) окутуу формасы - күндүзгү жана дистанттык окутуу ыкмаларын санариптик фиксациялоо жана натыйжаларды тастыктоо системаларын колдонуу менен айкалыштырганбилим берүү процессин уюштуруу; LMS-системалар -билим берүү программаларын түзүүгө, башкарууга, көзөмөлдөөгө жана автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоо (окутууну башкаруу тутуму); квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталган, окууга жана кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөгөн билим деңгээли, көндүмдөрү жана социалдык-инсандык компетенциялары; модуль – окутуунун максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык бүтүндүгү бар, окуу дисциплинасынын бөлүгү; даярдоо багыты - Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык алкагынын деңгээлдерине ылайык даярдоо үчүн билим берүү программаларынын комплекси; компетенция - билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө натыйжалуу өндүрүмдүү ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон билим берүү даярдыгына карата алдын ала коюлган социалдык талап (норма); кредит (кредит-саат) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү; улуттук квалификациялар алкагы - квалификациялардын деңгээлдерин критерийлердин топтомуна ылайык структураланган сүрөттөлүшү, улуттук квалификациялык подсистемаларын интеграциялоого жана координациялоого багытталган, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылуу жана шайкештикти ырастоо жана квалификацияларды берүү системасынын негизи болуп саналат; жалпыланган эмгек функциясы - бул конкреттүү өндүрүштүк, өндүрүштүк эмес же бизнес-процессте түзүлгөн жана кесиптик стандарттын бирдиги болуп саналган өз ара байланышкан эмгек функцияларынын жыйындысы; кесиптик ишмердүүлүктүн объектиси - эмгек ишмердүүлүгүнүн процессинде таасир этүүгө багытталган предметтер, кубулуштар, процесстер; билим берүү программасы - кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли боюнча билим берүү процессинин максаттарын, милдеттерин, пландаштырылган натыйжаларын, уюштурулушун аныктоочу конкреттүү багыт, адистик же кесип боюнча билим берүүнүн мазмуну; жумуш ордунда окутуу - билим берүү уюмунда окуучулар тарабынан жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алууга багытталган, милдеттүү практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасын алуу менен кадрларды даярдоо системасы; кесиптик стандарт - кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү; окутуунун натыйжалары - окуу процесси ийгиликтүү аяктагандан кийин окуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлөрү жөнүндөгү ырастоо; дисциплиналар цикли - билим берүү программасынын бир бөлүгү же окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык бүтүндүгүнө ээ болгон окуу дисциплиналарынын жыйындысы; автодром (окуу аянты) - жол шарттарын имитациялаган элементтер жана тоскоолдуктар менен жабдылган жана башкаруунун алгачкы көндүмдөрүн өздөштүрүүгө арналган атайын аянт. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат: МББС - мамлекеттик билим берүү стандарты; КББ - кесиптик билим берүү; КР УКА - Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык алкагы; ОУБ - окуу-усулдук бирикмелер. ОУК - окуу-усулдук комплекс.
2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү
3. Бул МББС автомобиль айдоочусу (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууда ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат. 4. Автомобиль айдоочусу (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча бул МББСнын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат: - өз билим берүү уюмдарында бул кесип боюнча илим, техника жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, натыйжалуу ишке ашыруу жана жаңылоо үчүн жооптуу администрация жана педагогикалык курам; - бул кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча окуу ишмердүүлүгүн натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу, бул кесип боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүрүп жаткан окуучулар; - кесиптик ишмердүүлүктүн тиешелүү чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөр; - Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча МББСти иштеп чыгууну камсыз кылуучу ОУБ; - кесиптик билим берүү тутумунда мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; - көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык келүүсүнө тышкы баа берүүнү жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер.
3-бөлүм. Кесиптик билим берүүнүн Автомобиль айдоочусу кесибинин жалпы мүнөздөмөсү (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу)
5. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү формалары (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) - күндүзгү; - күндүзгү-кечки; - аралыктан (онлайн). Кесип боюнча билим берүү программасын аралыктан (онлайн) формада өздөштүрүүдө практикалык сабактар инструктордун коштоосунда милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш. Практикалык сабактарды инструктордун катышуусу жок, окуучунун өз алдынча өткөрүшүнө жол берилбейт. 6. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар. Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш: - орто жалпы билим жөнүндө аттестат; - негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк; - башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар кабыл алынат, аларга орто жалпы билим берүү программалары боюнча окууга жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүүгө укугу жок адамдар кабыл алынат. 7. Автомобиль айдоочусу (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча билим берүү программасын күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн нормативдик мөөнөтү: - негизги жалпы жана орто жалпы билимдин базасында – 12 ай; - кесиптик даярдоо, кайра даярдоо программалары 1 жылга чейин. 8. Кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугу окуу жылына (стандарттуу окууда 12 ай) кеминде 576 саатты түзөт, ага предметтер боюнча лабораториялык-практикалык сабактарды жана 100 саат практикалык айдоону (сааттардын сеткасынан тышкары) кошуу менен. 12 ай окууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына 12 академиялык саат). Окуучулардын максималдуу окуу жүктөмүнүн көлөмү жумасына 12 академиялык саатты түзөт, анын ичинде билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана практикалык (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрү кирет. Күндүзгү окуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен аныкталат, ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду (мисалы, Жол эрежелери предметине 146 саат бөлүнсө, анын 80%ы же 116 сааты - бул аудиториялык сабактар, калган 30 сааты лабораториялык-практикалык сабактар). Айдоо боюнча практикалык сабактар инструктордун (айдоо боюнча инструктордун тиешелүү документи бар) коштоосунда өткөрүлүшү керек. 9. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча кесиптик билим берүү программасынын максаты (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу): - окутуу жаатында төмөнкүлөр болуп саналат: окуучулардын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногунда тандалган иш чөйрөсүндө белгилүү бир ишти аткаруу үчүн туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү жалпы жана кесиптик компетенцияларды өздөштүрүү; - окуучуларда Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде транспорт каражаттарын коопсуз, жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу башкарууну камсыз кылуучу, окутуунун жана контролдоонун заманбап санариптик технологияларын колдонуу менен теориялык билимдердин, практикалык көндүмдөрдүн жана компетенциялардын комплексин калыптандыруу; - жол эрежелерин терең билген квалификациялуу айдоочуларды даярдоо; - транспорт каражатын коопсуз, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза башкаруу көндүмдөрүн калыптандыруу; - окуучуларда укуктук маданияттын, жоопкерчиликтин жана айдоочунун жүрүм-турум этикасынын көндүмдөрүн калыптандыруу; - психофизиологиянын негиздерин өздөштүрүү жана стресстүү жол кырдаалдарына туруктуулукту жогорулатуу; - автодромдун жана шаардык жолдордун шарттарында айдоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү; - жол кырсыктарынын катышуучуларына биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн калыптандыруу. - инсанды тарбиялоо жаатында окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды: максаттуулукту, уюшкандыкты, эмгекчилдикти, жоопкерчиликти, жарандуулукту, коммуникабелдүүлүктү, толеранттуулукту калыптандыруу жана жалпы маданиятын жогорулатуу болуп саналат. 10. Экономикалык ишмердүүлүктүн түрү: Жүк ташуучу автомобиль транспорту. 11. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөлөрү: - “С” категориясындагы автомобильны башкаруу; - жолдо транспорт каражаттарына техникалык тейлөө жүргүзүү; - жүктөрдү ташуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу иштерин аткаруу; - графигине баш ийген же баш ийбеген жүк ташуучу автомобиль транспортунун ишмердүүлүгү: - жыгач материалдарын ташуу, жаныбарларды ташуу, муздаткыч (рефрижератор)менен ташуу, оор жүктөрдү ташуу, таңгакталбаган жүктөрдү, анын ичинде автоцистерналар менен ташуу, автомобильларды ташуу; - эмеректерди ташуу; - адам же жаныбарлар ташыган транспорт каражаттары менен жүктөрдү ташуу. 12. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: - атайын жабдуулар; - шаймандар жана түзүлүштөр; - автотранспорт каражаттары. 13. Автомобиль айдоочусу (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган: - кесиптик ишмердүүлүккө.
4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу шарттарына жалпы талаптар
14. Билим берүү уюмдары эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлинин билим берүү программаларын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү МББСтин, Улуттук квалификациялык, тармактык жана сектордук квалификациялык чектөөлөрдүн жана кесиптик стандарттардын негизинде иштелип чыгат. 15. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын сунуштарына ылайык, 5 (беш) жылда бир жолудан кем эмес жаңыртып турушат. Билим берүү программаларын жаңыртуу төмөнкүлөрдү камтыйт: - бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыздоо боюнча стратегияны иштеп чыгуу; - билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү; - билим алуучулардын билиминин жана жөндөмүнүн деңгээлин, көндүмдөрүн, бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүгүн баалоонун объективдүү жол-жоболорун иш берүүчүлөр менен макулдашылган бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүгүнө болгон талаптардын негизинде иштеп чыгуу; - педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыздоо; - ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыздоо, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоо; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациянын минималдуу талаптары боюнча үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоону жүргүзүү; - коомчулукту өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, пландары, инновациялары жөнүндө маалымдоо. 16. Окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн даярдык сапатын баалоо алардын учурдагы, аралыктагы жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияларын камтууга тийиш. 17. Окуучулардын учурдагы аттестациясы билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде жүргүзүлөт. 18. Окуучулардын аралыктагы аттестациясы дисциплиналар/модулдар боюнча окуунун жыйынтыктары боюнча баалар коюлат. Окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн сапатын баалоо билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте көндүмдөрдү аттестациялоону камтууга тийиш. 19. Окуучулардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуунун толук курсу аяктагандан кийин өткөрүлөт. Мамлекеттик аттестациялык сыноолордун түрлөрү билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. Окуу планында каралган окуунун толук курсун аяктаган бүтүрүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизилет. 20. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялар үчүн типтүү тапшырмаларды, контролдук иштерди, модулдук тесттерди жана алынган компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берүүчү практикалык тапшырмаларды камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт. Баалоо каражаттарынын базалары кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. 21. Билим берүү программасында тиешелүү кесиптик билим берүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын калыптандыруу үчүн жетиштүү болгон ресурстук материалдык-техникалык шарттары жана окуу-методикалык камсыздоосу көрсөтүлүшү керек. 22. Кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү: - социалдык-маданий чөйрөнү түзүүгө; - окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү жана социалдашуусу, ден соолугун сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө; - тарбиялык/сабактан тышкаркы билим берүү процессинин компоненттерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, анын ичинде өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү, окуучулардын коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышуусун камсыз кылууга. 23. Билим берүү программасы билим берүү уюмунун кароосу боюнча пайдаланылуучу убакыт резервин (20 саат) камтыйт. 24. Билим берүү уюму окуучуларга билим берүү программасына (дисциплиналар, модулдар), окуу курстарына, билим берүү платформасына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. 25. Билим берүү уюму окуучуларды окуу планында каралган билим берүү программасын түзүүдөгү алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга милдеттүү. 26. Билим берүү уюму билим берүү программасын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.
5-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда окуучунун укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар
27. Окуучу өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесибине/адистигине тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу. 28. Билим берүү программасын өздөштүрүүдө компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндөгү натыйжаларга жетүү максатында окуучулар коомдук уюмдардын, чыгармачылык клубдардын ишине катышууга укуктуу. 29. Окуучулар билим берүү уюмунун билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
6-бөлүм. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча билим берүү программасынын мазмунуна коюлуучу талаптар (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу)
30. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча бүтүрүүчү (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болууга тийиш: - жалпы: ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология жөнүндө билимдерди колдоно алат; коопсуз жана сергек жашоо образын уюштура алат; ЖК-2. Өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү кебин мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде кесиптик баарлашуу деңгээлинде логикалык жактан кура алат; ЖК-3. Кесиптик ишмердүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдоно алат; ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештер, жетекчилик, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат; ЖК-5. Өзүнүн ишмердүүлүгүн пландоого жана уюштурууга жөндөмдүү; ЖК-6. Кесиптик ишмердүүлүктө базалык ишкердик билимдерин жана көндүмдөрүн колдоно билүүгө жөндөмдүү. - кесиптик: КК 2.1. Уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан, “С”категориясындагы (“D”категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) автомобилдерди башкаруу; КК 2.2. Жолдо транспорт каражаттарына техникалык тейлөө жүргүзүү; КК 2.3. Жүктөрдү ташуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иштерди аткаруу. 31. Билим берүү программасы кесиптик билим берүүнүн деңгээлин эске алуу менен ушул мамлекеттик билим берүү Макетине тиркелген түзүмгө ылайык иштелип чыгат. Кесиптик циклдин дисциплиналары аймактык эмгек рыногунун талаптарына жана билим берүүнү улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча зарыл компетенцияларды алуу үчүн базалык (милдеттүү) бөлүккө ээ. 32. Дипломдук квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар кесиптик билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
7-бөлүм. Окуу процессин кадрлар менен камсыздоо
33. Билим берүү программасын ишке ашыруу педагогикалык кадрлар тарабынан камсыздалышы керек, алар кесиптик билим берүү деңгээлине, окутулган дисциплинанын профилине ылайык келген билими бар жана системалуу түрдө илимий жана методикалык ишмердүүлүк менен алектенишет. Окутуучунун тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү компетенциясы кошумча билим берүү жөнүндөгү документтер (сертификаттар, күбөлүктөр, дипломдор ж.б.) менен да тастыкталышы мүмкүн. 34. Кесиптик билим берүүнүн кесиптик циклинин окутуучулары тиешелүү адистик боюнча орто кесиптик же жогорку кесиптик билими болушу керек. Окуучулардын кесиптик циклди өздөштүрүүсүнө жооп берүүчү окутуучулар үчүн тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү уюмдарда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы милдеттүү болуп саналат. Өндүрүштүк окутуунун устаттары (Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде) башталгыч кесиптик же орто кесиптик билими болушу шарт. Айдоо боюнча практикалык сабактарды өткөргөн өндүрүштүк окутуунун устаттары ушул категория боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажына жана айдоо инструкторунун тиешелүү күбөлүгүнө ээ болууга тийиш. Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуунун устаттары профильдүү уюмдарда 3 жылда бир жолу стажировкадан өтүп турууга тийиш. Жол кыймылынын эрежелеринин окутуучулары: профильдүү билими жана 3 жылан кем эмес стажы болушу керек. Айдоо инструкторлору: 5 жылдан кем эмес стажы. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окутуучулар: медициналык билими. Психофизиологдор: профилдик билими жана айдоочулар менен иштөө тажрыйбасы болушу шарт.
8-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо
35. Автомобиль айдоочусу (8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучунун негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн маалымат базаларына жана китепкана фонддоруна жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык колдонмолордун тизмеси: |