Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 114
“Таза Булак” муниципалдык ишканасынын техникаларын пайдалануу
кызматтары боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, муниципалдык «Таза Булак» ишканасынын директору тарабынан сунушталган материалдардын негизинде жана муниципалдык техниканы пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Муниципалдык «Таза Булак» ишканасынын оперативдик башкаруусундагы техниканы пайдалануу боюнча төмөнкү тарифтер бекитилсин:
• АС машина (ассенизатор) – көлөмүнө жараша 600 (алты жүз) сомдон баштап жогору;
• Контейнер ташуучу унаа – бир рейс үчүн 3000 (үч миң) сом, социалдык объекттерге жана мечиттерге кызмат көрсөтүүдөн башка.
2. Бекитилген тарифтер Миң-Булак айыл аймагынын жашоочуларына гана, менчик формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар үчүн колдонулсун.
3. «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директоруна төмөнкүлөр тапшырылсын:
• бекитилген тарифтерди колдонууну камсыз кылуу;
• техниканы пайдалануу жана кызматтар үчүн түшкөн төлөмдөрүн эсепке алуу.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |