Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 115
Миң-Булак айылдык аймагындагы жалпы билим берүүчү
мекемелерге кайра ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жалпы билим берүүчү мекемелердин аталыштарын тартипке келтирүү, тарыхый жана маданий эстеликти сактоо, жаштардын патриоттук тарбиясын жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин эстеликтерин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиясы жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-апрелиндеги №244 токтому менен бекитилген) жана айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы протоколуна ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Крупское айылы Заводская көчөсү №4 дарегинде жайгашкан “№1 Октябрь жалпы билим берүү мектеби” мекемесинин аталышы «Касым Тыныстанов атындагы жалпы билим берүү мектеби» мекемесине өзгөртүлсүн.
2. Сретенка айылы Крупская көчөсү №1 дарегинде жайгашкан “Сретенка жалпы билим берүү мектеби” мекемесинин аталышы «Күлүйпа Кондучалова атындагы жалпы билим берүү мектеби» мекемесине өзгөртүлсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына сунушталсын:
• уюмдун уставдык жана каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
• мектептердин жаңы аталыштарын орнотуу жана документтерди бул токтомго ылайык келтирүү.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |