Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 07- августундагы №5
«Таш-Көмүр Каскад ГЭСтер ишканасынын 2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде Шамалдуу-Сай шаарында аткарган иштери тууралуу маалыматы»
Таш-Көмүр Каскад ГЭСтер ишканасынын 2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде Шамалдуу-Сай шаарында аткарган иштери тууралуу Таш-Көмүр Каскад ГЭСтер ишканасынын директору А.Камчыбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр Каскад ГЭСтер ишканасынын 2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде Шамалдуу-Сай шаарында аткарган иштери тууралуу Таш-Көмүр Каскад ГЭСтер ишканасынын директору А.Камчыбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
3.Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Өнөр жай” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Е.Найманов) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |