Загрузка документа…
| БЕКИТИЛДИ Шамалдуу-Сай шаардык Кеңешинин II чакырылышынын 01.07.2025-жылдагы кезексиз 8-сессиясынын № 1- токтому |
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин
2025-жылга иш планы.
I. Шаардык Кенештин сессияларында каралуучу маселелер:
III-к в а р т а л
1. Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардык мэриянын отчету.
2. 2025-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо шаардык салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча шаардык салык башкармалыгынын башчысынын маалыматы.
3. Шамалдуу-Сай шаарындагы маданият бөлүмүнүн 2024-жыл ичинде жана 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу маалыматы.
4. 2024-жыл ичинде жана 2025-жылдын 1-жарым жылында Шамалды-Сай ЖДПБ аткарган иштери тууралуу маалыматы.
5. Таш-Көмүр Каскад ГЭСтер ишканасынын 2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде Шамалдуу-Сай шаарында аткарган иштери тууралуу маалыматы.
6. Шаардын аймагындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакча) 2024-2025-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө РБББ маалыматы.
7. Шамалдуу-Сай шаарындагы Суу-Чарба ишканасынын 2025-жылдын 1-жарым жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы.
IV-к в а р т а л
1. Шаардык мэриянын, шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө.
2. «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын 2025-2026-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы.
3. Таш-Көмүр РЭТ ишканасынын Шамалдуу-Сай шаарындагы бөлүмүнүн 2025-2026-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы.
4. 2026-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы жөнүндө.
5. 2026-жылга карата шаардык Кенештин иш планын бекитүү жөнүндө.
6. Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу маалыматы.
I.Шаардык Кенештин аппаратынын Кенешмесинде каралуучу маселелер
1. Шаардык Кенеште кабыл алынган токтом, буйруктардын жана шаардын тургундарынан түшкөн арыз, каттардын аткарылышы.
аткарылышы: ар дайым.
2. Кенештин алдындагы туруктуу комиссиялардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын аткарган иштерине анализ берүү.
аткарылышы: квартал сайын.
II.Шаардык Кенештин уюштуруу массалык иштери.
1. Шаардык депутаттардын (депутаттык фракциялардын) шайлоочуулар менен отчеттук чогулуштарын уюштуруу. аткарылышы: жылына бир жолу
2. Даталуу күндөрдү белгилөө жана өткөрүү.
3. Шаардык кенештин депутаттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш чарасын уюштуруу.