Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын
кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 10-октябрындагы №2
«Мекемени каттоо жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине, 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эргеш Алиев айыл өкмөтүндөгү жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу жөнүндө айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.
2.№61 “Жомок багы ” мектепке чейинки билим берүү уюмунун- мекемесинин Уставы бекитилсин.
3.Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: №61 «Жомок багы» мектепке чейинки билим берүү уюму - мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение дошкольная образовательная организация №61 "Жомок багы " .
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: №61 «Жомок багы» МЧББМ М-и.
- Расмий тилде: У-е ДОО №61"Жомок багы ".
4.№61 «Жомок багы » мектепке чейинки билим берүү уюмунун- мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ноокен району,Эргеш Алиев айыл аймагы, Рахманжан айылы, С.Анарбаев көчөсү №7 болуп аныкталсын.
5.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
М.Ажикулов. |