Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын
кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 10-октябрындагы №5
« Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө »
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодекснин” 115-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бюджеттик уюмдардын жеке керектөөлөрүнө электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын лимиттерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 10-январындагы жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2025-жылдын 10-январындагы №2-п биргелешкен буйругу менен бекитилген
лимиттердин негизинде Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы бюджеттик мекеме уюмдарга лимиттин жетишсиздиги келип чыккандыгына байланышту айыл өкмөттүн 2025-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин;
- айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 405 217 (төрт жүз беш миң эки жүз он жети ) сом акча каражаты айыл өкмөттүн 22311200 беренесине которулсун.
2. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин түшүүсүнө карата өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл өкмөттүн башчысы Ш.Алыкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комитетинин курамына милдеттендирилсин.
Төрага
|
М.Ажикулов.
|