Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 30-декабры № 116
Электр энергиясы үчүн карызды төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 «Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелердин керектеген электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиева тарабынан берилген маалыматты угуп, бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-декабрындагы корутундусуна ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын кеңеши токтом кылат:
1. Кредиттер жылдырылсын:
70921 «Орто билим берүү жана билим берүү программалары» бөлүмү боюнча:
2222 беренесинин 22221210 элементинен – 852 000 сом
2231 беренесинин 22311200 элементине – 852 000 сом (электр энергиясы үчүн).
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |