Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын
кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 10-октябрындагы №6
«Эргеш Алиев айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №305 Жарлыгынын 5п жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эргеш Алиев айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №305 Жарлыгынын 5п ылайык Эргеш Алиев айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелеринин жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
М.Ажикулов. |