Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезексиз VIII (сегизинчи) сессиясы
2025-жылдын 29-апрели № 31/VIII-29
Пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды райондук өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүүгө жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 23-апрелиндеги №3283 “Пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды райондук өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүүгө жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын эркин калдыгынан каралган Алмалуу айылынын бала бакчасына 2000,0 мин сом акча каражатынын 1600,0 мин сом акча каражатын Пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызын райондук өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүүгө жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдалануу үчүн которууга макулдук берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |