Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин ХХ сессиясы
(VIII чакырылыш)
2025-жылдын 30- декабры №20/84
Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №Ис25/136-07-11-1-01301 “Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-майындагы 9/33 токтомуна” каршылык билдирүүсү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселе Кызыл-Кыя шаардык кенешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы №27 протоколу менен каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №Ис25/136-07-11-1-01301 каршылык билдирүүсүнө негиз Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-майындагы №9/33 “Жайлоого чыгаруу үчүн ийри мүйүздүү малдарга, жылкыларга жана кой-эчкилерге 2025-жылга салына турган салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мурзаев |