Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 2
“Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу” эрежесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаарынынмэриясынын ““Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу” эрежесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык токтом кылат:
1.2 пункту - Бул Жобо “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ №296
Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
14-февралындагы №67 токтому менен бекитилген “Каза болгон жарандарды көмүү жана
мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө” нускамага (мындан ары
Нускама) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-
августундагы №502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө
көмүү жайларын брондоо тартибине” ылайык иштелип чыкты, эрежелерди жана чектөөлөрдү
камтыйт жана шаардын жашоочулары, мекемелер, ишканалар менчигинин түрүнө карабастан
аткарууга милдеттүү.
2.3 пункту- Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы көрүстөндөрдө
көмүү жайларын брондоо укугу – нике күбөлүгү болгон учурда жубайына таандык. Көмүү
жайларын брондоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-
августундагы №502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө
көмүү жайларын брондоо тартибине” ылайык жөнгө салынат.
2.4 пункту - Каза болгон адамды көмүүнү жүргүзүүнүн убакыты жана жери шаардын тиешелүү
кварталынын же айылдын башчысы жана мечит имамы менен макулдашууга ылайык жөнгө
салынат. Маркумдук сөөгүн жайга коюу жана көмүүгө чейинки ырасымдар, а.и. каза болгон
адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо, жууп-тазалоо, кепиндөө, капкактуу табытка салуу
жана көрүстөнгө жеткирүү иштери маркумдун жакын туугандары тарабынан аткарылат.
3.3 пункту - Раззаков шаарынын жараны каза болгон учурда көрүстөндүн аймагынан көмүү үчүн
жай ушул Эрежелердин 2.3.- пунктунда көрсөтүлгөн учурдан сырткары каза болгон адамга
акысыз берилет. Кыргыз Республикасынын жараны (башка аймактын тургуну) же жарандыгы
жок адам каза болуп Раззаков шаарынын аймагындагы көрүстөнгө көмүү зарылчылыгы
жаралган учурда шаар мэриясынын тиешелүү кызматы менен макулдашууга ылайык
жүргүзүлөт.
Төрага |
С.А. Саматов |