Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 01-июлундагы №4
«Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 26.06.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарынын башкы планынын долбоорунун материалдарын кароо тууралуу” №01-17/1567 кайрылуу каты жөнүндө»
Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 26.06.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарынын башкы планынын долбоорунун материалдарын кароо тууралуу” №01-17/1567 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 8- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 26.06.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарынын башкы планынын долбоорунун материалдарын кароо тууралуу” №01-17/1567 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматы эске алынсын.
2.Шамалдуу-Сай шаарынын аймагы, КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын алкагында, аймактык территориалдык реформа жүргүзүлгөндөн кийин, Шамалуу-Сай шаарынын башкы планынын жалпы аянты 838,43Га болуп бекитилсин.
3.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4.Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |