Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 11-сентябрындагы №1
«Шамалдуу-Сай шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө»
Шамалдуу-Сай шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Доронкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 10- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шамалдуу-Сай шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Доронкуловдун маалыматы эске алынсын.
2.Шамалдуу-Сай шаарындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3.№1 тиркемеде бекитилген Шамалдуу-Сай шаарындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резерви аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
5.Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы:
З.А. Сатаров |