Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 11-сентябрындагы №2
«Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө»
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу Шамалдуу-Сай шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Доронкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 10- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу Шамалдуу-Сай шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Доронкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Шамалдуу-Сай шаарынан, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3.№1 тиркемеде бекитилген Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
5.Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы:
З.А. Сатаров |