Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрындагы №7
«Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн башкаруу эрежелеринин жобосун бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесине жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн башкаруу эрежелеринин жобосун бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн типтүү эрежелеринин жобоce бекитилсин.
3. Эргеш Алиев айыл аймагынын коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн типтүү эрежелеринин баалоо жана мониторинг биргелешкен тобу бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
М.Ажикулов
|