Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2025-жылдын 16-июлундагы №7/1
Жан-Булак айылынын калкы үчүн суу керектөөнүн нормаларын таза суу пайдаланууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» №320 токтому жана «Эделвейс » муниципалдык ишканасынын билдирүүсүн угуп чыгып жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅤII кезектүү сессиясы токтом кылат :
1. Жан-Булак айыл аймагында таза суу пайдаланууга болгон экономиикалык негизделген тарифи 1м.куб га болгон тарифи тɵмɵндɵгүдɵй м.куб ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
Тармак
| Сумма (сом менен) (1м.куб га болгон тарифи) |
Нарын облустук Монополия бɵлүмү менен макулдашылган негизги баа | 17 сом |
Сатуу салыгы (5%) | 0,85 сом |
Пайда салыгы (10%) | 1,70 сом |
Роялти (5%) | 0,85 сом |
КНС (12%) | 2,04 сом |
Жалпысы | 22,44 сом |
2. Таза сууга болгон жалпы тариф 1 м.куб үчүн 22,44 (жыйырма эки сом,кырк тɵрт тыйын ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Эделвейс » муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Мамбеткуловго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵт башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.
Төрага | С. Акматов |