Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезексиз VIII (сегизинчи) сессиясы
2025-жылдын 29-апрели № 32/VIII-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2025-жылдын 05-февралындагы №21/Ⅳ-29 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025- жылдын бюджетин,айыл өкмөтүнүн “Маданият” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү, ТЖКЧ “ЖКХ” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн кыскартуу жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-апрелиндеги №03-13/890 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын жылдырып берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2025-жылдын 05-февралындагы №21/Ⅳ-29 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025- жылдын бюджетин,айыл өкмөтүнүн “Маданият” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү, ТЖКЧ “ЖКХ” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөсүн кыскартуу жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомунда каралган Бала бакча бөлүмүнө каралган 2000,0 миң сом акча каражатынын 400,0 мин сому төмөнкү иштерге жылдырылсын:
-300,0 мин сом акча каражаты Карагай-Булак айылынын ичкен таза суусуна “емкость”, “челек” жана башка керектүү материалдарын сатып алууга жылдырылсын;
-100,0 мин сом акча каражаты Алмалуу айылынын бала бакчасына байкоочу камера орнотууга жылдырылсын;
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен Ат чабыш өткөрүүгө каралган 200,0 мин сом акча каражатынын 50,0 мин сом акча каражаты Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн резервдик фондусуна, калган 150,0 мин сом акча каражаты Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 80 жылдыгына карата арналган майрамдык иш-чаранын спорттук иш-чараларына жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бирдобуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |