ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
VII кезектүү сессиясы
2025-жылдын 16-июлундагы №7/2
Зоналык коэффициенттерди (Кз) жана нарктык зоналарды бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388- жана 404-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына ылайык жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформаларга таянып, айыл аймагындагы салык салуу базасын тактоо жана жөнгө салуу туралуу айылдык кенештин тɵрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын ⅤII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору жана үй жанындыгы короо алдындагы пайдаланган багбанчылык чарба жер тилкесинин салыгы боюнча зоналык коэффициент (Кз) өлчөмү 1 ченден 1,5 ченге көтөрүлүп бекитилсин.
2. Жаңы түзүлгөн, же административдик-аймактык реформанын негизинде Жан-Булак айыл аймагына кошулган аймактарга да ушул коэффициент колдонулсун.
3. Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору жана үй жанындыгы короо алдындагы пайдаланган багбанчылык чарба жер участокторунун көтөрүлүп бекитилген зоналдык коэфициенти менен иш алып баруу жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн салык адисине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://jan-bulak.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵт башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.
Төрага | С. Акматов |