Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 33/IX-29
Кебек-Бий айылындагы №615-2,80га, №616-1,80га Контурларындагы жер тилкелеринин генералдык планынын “корректурасын” бекитип берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-июнундагы №03-13/1305 “Кебек-Бий айылындагы №615-2,80га ,№616-1,80га Контурдагы жер тилкелерине мурунку 2020-жылы иштелип чыккан генералдык пландын “корректурасын” бекитип берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн“ Калктуу конуштарды кеңейтүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кебек-Бий айылындагы №615-2,80га, №616-1,80га Контурларындагы жер тилкелеринин генералдык планынын “корректурасы” бекитилсин.
2. Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Кебек-Бий айылындагы №615-2,80га,№616-1,80га Контурларындагы жер тилкелеринин генералдык планынын “корректурасын” мыйзамга ылайык келтирүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |