Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 34/IX-29
Алмалуу айылынын Маданият үйүнүнө Мамытов Бактыбек Камчыбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Алмалуу айылынын тургуну К.Мамытованын “Алмалуу айылынын Маданият үйүнүнө Мамытов Бактыбек Камчыбековичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын Маданият үйүнүнө Мамытов Бактыбек Камчыбековичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл аймагынын Ысык-Ата айыл өкмөтү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын Маданият үйүнүнө Мамытов Бактыбек Камчыбековичтин ысымын ыйгаруу боюнча тийиштүү органдарга кайрылып, мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |