Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 36/IX-29
“Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен айрым бир мамлекеттик ыйгарым укуктарын ЖӨБО берүү жөнүндө” келишимге макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 03-июлундагы №03-13/1430 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен калкты тейлөө борборунун кызматтары боюнча келишим түзүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы тиешелүү каржылык чыгымдарын эсептеп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |