Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 37/IX-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө чыккан салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин Кз аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин негизинде айыл чарба багытындагы эмес жерлерди, калктуу конуштардын жерлери үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө 337-беренени аткаруу максатында Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жылдан 2028-жылга чейин айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын өлчөмдүү коэффициенти аныкталсын:
-Кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти Кз 1,2 өлчөмдө аныкталсын.
-Таштандыларды чогултуу акысын төлөөчүлөр болуп юридикалык жана жеке жактар саналат. Тарифтин өлчөмү жергиликтүү Кенеш тарабынан анын аткаруу органдарынын сунушу боюнча 100 сом өлчөмүндө, ишкана иштеген кызматкерлердин (юридикалык жаткар) бекитилген аянты жана санын курулуш өлчөмүн, бирок эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн ашпоого тийиш жана тиешелүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |