Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 39/IX-29
Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу аркылуу Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын Осмонкул Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 3-кабатын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жалпы мектептин жылытуу системасын орнотуу жана от калоо жайын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизгенге макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №03-13/1206 “Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу аркылуу Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын Осмонкул Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 3-кабатын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жалпы мектептин жылытуу системасын орнотуу жана от калоо жайын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизгенге макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү Уставынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу аркылуу Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын Осмонкул Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 3-кабатын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жалпы мектептин жылытуу системасын орнотуу жана от калоо жайын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизгенге макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |