Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №13/3
Ормон-Хан атындагы паркынын жамгырлатып сугаруу системасын айыл аймагынын балансына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын Ормон-Хан атындагы паркынын жамгырлатып сугаруу системасын Кочкор райондук суу башкармалыгынын балансынан өткөрүп алуу туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылындагы Ормон-Хан атындагы паркынын жамгырлатып сугаруу системасын Суу ресурстары кызматынын Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын карамагынан Ормон-Хан айыл аймагынын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |