Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун (мындан ары - Мамлекеттик фонд) баалуулуктарын түзүү жана пайдалануу тартибин жана механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик фондду түзүүнүн максаты болуп баалуу металлдар менен операциялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кылуу, мамлекеттин стратегиялык активдерин түзүү, өлкөнүн финансы-экономикалык туруктуулугун колдоо жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алтын запастарын көбөйтүү саналат.
3. Мамлекеттик фонддун баалуулуктары Мамлекеттик фонддун балансында турган баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын жыйындысын билдирет.
4. Мамлекеттик фонддун баалуулуктары республикалык бюджеттин финансылык туруктуулугун жана өлкөнүн экономикалык, социалдык-маданий керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган.
2-глава. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын түзүү тартиби
5. Мамлекеттик фонддун баалуулуктары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) баалуу металлдар жана асыл таштар рыногунун субъекттеринен сатып алынган баалуу металлдар жана асыл таштар;
2) баалуу металлдарды казып алуучу субъекттерден сатып алынган баалуу металлдардын табигый уютундулары;
3) сатып алууну жүзөгө ашырган уюмдардан, ломбарддардан жана калктан сатып алынган баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
4) тарыхый, антиквардык, чоң маанидеги материалдык баалуулукка ээ болгон баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган сатып алынган көркөмдүгү жогору зер буюмдары жана башка буюмдар;
5) тарыхый-маданий мураска ээ болгон кенчтерден тышкары баалуу металлдардын, асыл таштардын, алардан жасалган буюмдардын жана алардын сыныктарынын кенчтери;
6) мурастоо укугу жана белекке берүү аркылуу мамлекетке өткөрүп берилген баалуу металлдар, асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
7) мыйзамда белгиленген тартипте мажбурлоо тартибинде алып коюлган баалуу металлдар, асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
8) мыйзамда белгиленген тартипте ээси жок деп табылган баалуу металлдар, асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан өткөрүп берилген баалуу металлдардан жана асыл таштардан даярдалган мамлекеттик сыйлыктар;
10) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан белек катары алынган баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган буюмдар;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер боюнча Мамлекеттик фондго киргизилүүчү баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары.
6. Баалуу металлдарды сатып алуу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети комплекстүү кендерден алынуучу чийки заттык товарлардан өндүрүлүүчү аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле аффинаждык өндүрүш үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен сырткары да керектүү кайра иштетүүдөн жана аффинаждан өткөн жарым продуктуларды, ошондой эле асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууга артыкчылыктуу укук боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды кошпогондо, баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Баалуу металлдарды сатып алуу Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинен жогору эмес баа боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бүтүм түзүлгөн күнгө чейинки курсун эске алып, аларды транспорттоо жана сатуу боюнча алдыдагы чыгымдарын кемитүү менен жүзөгө ашырылат.
10. Мамлекеттик фондго түшкөн кондициялык эмес баалуу металлдар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары (бул белгиленген стандарттарга жооп бербеген, бирок баалуу металлды алуу үчүн же химиялык реагент катары колдонулушу мүмкүн болгон калдыктар жана сыныктар) аффинаждоочу ишканалар тарабынан келишимдик негизде кайра иштетилет.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын эсепте турган баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алуу, өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча субъекттер алдыдагы жылга баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алуу, өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмү боюнча болжолду ар жылдык негизде учурдагы жылдын 1-декабрына чейин берет.