Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы
2025-жылдын 08-июлу № 42/IX-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-2028-жылдарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 95- беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2026-2028-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 23778,5 миң сом жана теңдөөчү грант 12180,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2027-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 24000,7 миң сом жана теңдөөчү грант 12180,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2028-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 24210,4 миң сом жана теңдөөчү грант 12180,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Н. Ибраимов |