Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын13-августу №01-3/44
"Нарзан Жылуулук" муниципалдык ишканасына чарбалык киргизүүгө тиешелүү мүлктөрдү берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 02-июль 2024-жылдын №345 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Беловодское МП ТВС" мамлекеттик ишканасынын өткөрүп берүү актысынын негизинде сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. "Нарзан жылуулук" МИсынын чарбалык карамагына №1-тиркеме актысына ылайык өткөрүлүп берилсин.
(Тиркеме кагаз жүзүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жайгашкан).
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын айыл өкмөтүнүн башчысы И. Э. Оскомбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. К. Кулжанов |